• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда «Хизб ут-Тахрирди» колдогон алты адам бул уюмдан баш тартышты

Аймак 0

Бишкек, 30.06.21. /Кабар/. Жалал-Абадда «Хизб ут-Тахрирди» колдогон алты адам бул уюмдан баш тартышты. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад ОИИБдин жана Сузак РИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы (ЭММКАК) тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында Сузак районунун 6 тургуну «Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунан баш тартышты.

Жалал-Абад ОИИБдин ЭММКАК тарабынан жүргүзүлгөн профилактикалык иштеринин натыйжасында облус аймагында жыл башынан тартып 10 адам каттоодон чыгарылган.

Ошондой эле 6 айда мектеп окуучуларына, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, укук коргоо кызматкерлерине, бейөкмөт уюмдарга, коомчулукка ар кандай темада 381 лекция, семинар, тегерек столдор өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Азыркы учурда облус аймагында ЭММКАК багытында 551 адам каттоодо турат. Алардын ичинен 491 адам «Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрү катары каттоого алынган.

Пикир

Оставить комментарий