• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан Future Policy Award 2021 сынагынын алтын сыйлыгына татыды

Экономика 0

Бишкек, 30.06.21. /Кабар/. Кыргызстан Future Policy Award 2021 сынагынын алтын сыйлыгына татыды. Бул тууралуу КР Экономика жана финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, химиялык заттарды жана таштандыларды коопсуз башкаруу жаатындагы 5 мыйзам актылары Future Policy Award 2021 сыйлыгына ээ болот.

Мыкты жүргүзүлгөн саясат үчүн “Оскар” атка конгон бул сыйлык химиялык заттардын адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирин минималдаштырган эң натыйжалуу саясий чечимдерди белгилейт.

Бул жылы Кыргызстан КР өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-февралындагы №43 "Химиялык заттардын / аралашмалардын коркунучтарын классификациялоо тутуму жөнүндө жобону жана кооптуу байланыш элементтерине карата талаптарды: маркировкалоо жана коопсуздук боюнча маалыматтык баракчаны бекитүү жөнүндө" токтому үчүн алтынга татыды.

Future Policy Award 2021 сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи 2021-жылы 6-июлда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий