• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ички валюта рыногунда абал туруктуу – Абдыгулов

Экономика 0

Бишкек, 28.05.19. /Кабар/. Ички валюта рыногунда абал туруктуу. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Ал белгилегендей, акча-кредит саясатынын экономиканын реалдуу секторуна дем берүү чараларын колдоону көздөгөн багыты, экономиканы насыялоону андан ары кеңейтүүгө жана пайыздык чендерди төмөндөтүүгө мүмкүндүк берген. Акча рыногунун кыска мөөнөттүү чендери, Улуттук банк тарабынан белгиленген пайыздык чен чегинде калуу менен негизги ченге жакындоо тенденциясына ээ болгон.

“Банктар аралык насыя рыногунда активдүүлүк жогору деңгээлде сакталууда. Банк тутумунда ашыкча ликвиддүүлүктүн өсүшү байкалып, Улуттук банктын андан арылтуу операцияларын көбөйтүүсүн шарттоодо. Ички валюта рыногунда абал туруктуу сакталууда”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий