• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Экономика министрлиги Кытайга продукция экспорттоо боюнча брошюра чыгарууда

Экономика 0

Бишкек, 19.03.24. /Кабар/. Экономика жана коммерция министрлиги экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү жана өлкөдө бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында Кыргызстандан Кытайга продукция экспорттоо боюнча брошюра чыгарууда.

Ведомстводон билдиришкендей, брошюра Кыргызстандан Кытайга өз продукциясын экспорттоону баштоону же кеңейтүүнү каалаган компаниялар үчүн ишенимдүү колдонмо болуп калат.

Тактап айтканда, экспорт процесси, өндүрүүчүлөргө коюлган талаптар, тобокелдик деңгээли боюнча Кытайга импорттолуучу продукциянын түрлөрү, продукцияны жеткирүүдөгү өлкөлөр ортосундагы шарттар, CIFER бирдиктүү терезесинде каттоо, ошондой эле товарларга коюлган талаптар жөнүндө кеңири маалымат берилет.

Биздин максат – кыргыз компанияларына кытай рыногунда өз ордун ийгиликтүү ээлеп, улуттук экономиканын гүлдөп өсүшү үчүн экспорттун көлөмүн көбөйтүүгө жардам берүү.

Пикир

Оставить комментарий