• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Мен коркуткан жокмун". Президент даават, митинг тууралуу айткан сөздөрүн түшүндүрдү

Президент 0

Президент Садыр Жапаров 13-мартта жаңы шайланган муфтий Абдулазиз Закировду кабыл алып, динди жайылтууда Исламдын салттуу баалуулуктарына туура келбеген айрым көрүнүштөргө тынчсыздануусун билдирүү менен салттуу ханафий мазхабын кармануу зарылчылыгына басым жасоого чакырган. Эртеси мамлекет башчы Бекназаров, Матраимов, Атазов тууралуу маек берип, анда өлкөдө митинг кылууга аракет кылгандарга карата мамлекет тарабынан катуу жооп болорун билдирген.

Салтка айланып калгандай бүгүн "Кабар" агенттигинин суроолоруна өлкө президенти Садыр Жапаров жооп берип, анда соцтармакта көп талкууланган даават жана митинг темаларына кеңири түшүндүрмө берди.

— Саламатсызбы!

— Саламатчылык!

— Садыр Нургожоевич, социалдык тармакта президент аалымдарды сабатсыз деди, дааватка каршы экен деп таарынгандар да болууда. Сиз кайсыл маселелер тууралуу айттыңыз эле?

— Эптеп эле менин сөзүмдү бурмалап, элге мени жаман көрсөткүсү келген жарандарыбыз бар. Башка иштеримден эч бир кыйкым таба албай, анан ушул дааватчылар жөнүндө айткан сөзүмдү бурмалап жатышса керек.

Муфтийди кабыл алганда дааватчылардын кийинген кийимдерин оңдойлу, башка өлкөлөрдүн салттарын сиңирбей, өзүбүздүн эле улуттук салттарды жайылталы, эң жок дегенде медресени бүткөн же ислам университетин аяктаган билимдүү балдарды дааватка чыгаралы деген сунушумду айттым. Эмне үчүн?

Мен республикабыздын ар булуң-бурчунан келген кишилерди көп кабыл алам. Өткөндө бир агайды кабыл алдым. Ал киши ушул дааватчылар жөнүндө кеп кылды. “Биздин айылга төрт-беш бала келип даават айтып жүрүшүптүр, албаа-далбаа болуп кийинип алышкан, анысы аз келгенсип кийимдери кир, жогорку билимдери жок, болгону 11-класс билимдери гана бар экен. Сакалдары курсагына жеткен. Мен өзүм мугалиммин. Көп жыл мектеп директору болдум, менин дин боюнча билимим алардыкынан жогору болуп чыкты. Анан ошолор мага акыл үйрөтөбү” дейт. “Аларды уят кылып кетирдим. Ошондой көрүнүштөрдү бир жолго салсаңыздар жакшы болот эле. Ошондойлорду көрүп кээ бир башка диндеги жарандарыбыз биздин динибизди жек көрүп атышат” деп, өзүнүн жакшы эле оюн айтты. Мен деле туура көрдүм. Ошол үчүн муфтийди кабыл алып, ушул темада баарлаштык. Мен дааватты колдойм.

Молдонун, ажынын баласымын. Дааваттын зыяны жок. Дааваттан 90-жылдардан бери канча деген жарандарыбыз оң жолго түшкөнүн өз көзүм менен көргөм. Болгону дааватка чыккандарды зыңкыйтып кийинтип, сакал муруттарын тегиздеп, билими толук, кандай гана суроолор болсо жооп бере алгандарды жиберсек жакшы болот эле.

Ошондо элибиз да дааватчыларга ишенип, аларды кунт коюп угуп, ээрчийт эле. Бул пикиримди муфтий да туура көрдү. Илгери аалымдар (дааватчылар) динге эле эмес, илимге дагы үйрөтүшкөн. Ар кайсы тилдерди окуткан.

Мына ушул маселелер боюнча сөз болду. Келгиле азыр деле илгерки аалымдардын жолун жолдоп, дин менен бирге билимге чакыралы, илимге үйрөтөлү.

— Буга чейинки маегиңизде “Митингдерден коркпойбуз. Митингге чыккандардын башынан сылап отурбайбыз, жооп катуу болот” дегениңизди айрымдар коркутуу, кээ бирлери укуктарын чектөө катары карап атышат. Убагында сиз деле “Кумтөр” деп митингдерди уюштуруп жүргөнүңүздү эске салгандар болууда. Ушуга комментарий берсеңиз? Чын эле убагында митингдерге чыгып, ал үчүн Камчыбек Ташиев экөөңүздөр камалып да кеткенсиздер да?

— Ооба. Убагында биз да митингдерди уюштурганбыз. Бирок биз, биздин пайдабызга чечилип жаткан жакшы иштерди бурмалап, жеке кызыкчылыгыбыз үчүн митинг уюштурган эмеспиз да.

"“Кумтөр” өз элибиздин кызыкчылыгына иштесин, казынадан суук колуңарды тарткыла, элибиздин жашоосун оңдогула" деп митинг уюштурчубуз.

“Кумтөрдү” алдык. 30 миллиард сомго жакын салык төгүп жатат. Андан сырткары, 30 миллиард сомго жакын таза киреше берип жатат. Мурда биздин пайдабызга 5 миллиард сом салыктан башка "койдун корголу" жок болчу. Бюджет дээрлик үч эсеге көтөрүлдү.

Салык, бажы системасындагы уурулукту дээрлик 90 пайызга жок кылдык. Армиябызды, күч түзүмдөрүн болуп көрбөгөндөй күчтөдүк. Мектеп, жол, бала-бакчалар салынып жатат. Түшкө кирбеген мега долбоорлор башталды. ГЭСтер, ишканалар, маданий жана социалдык объектилер курулууда. Ортолоп калган долбоорлор, башталып жаткандары бар. Алар жылдан жылга ишке бериле баштайт. Жылдан жылга алар жемишин берип, экономикабыз мындан дагы күчтөнөт. Эмгек маяналар, пенсия, жөлөк пулдар дагы жогорулайт. Калкыбыздын жашоо турмушу дагы жакшырат. Кара жаныбызды карч уруп, эл үчүн иштеп жатабыз.

Анан эмнеге митингге чыгышыңар керек? Мурдагыдай 200 эле киши жалпы элдин ырыскысын уурдап жашаган жашообуз жакшы экен деппи? Биз андайларга жол бербейбиз. Мен бул сөзүм менен коркуткан жокмун. Укуктарын да чектебейм. Жөн гана 200 коррупционер менен бийликке таарынган уурулардын, кызматынан ажырагандардын кызыкчылыгын эмес, 7,5 миллион элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын биринчи орунга коём. Коргойм. Бул менин эл ишенип добуш берген түздөн-түз милдетим.

— Камактагы жаран Мелис Аспековдун каты боюнча комментарий бересизби?

— Андай шылуундарга жооп беришти ашыкча деп ойлойм. Былжырак жалганчылар үчүн жооп бергенге убактым да жок.

— Суроолорубузга жооп бергениңиз үчүн ыраазычылык билдирем.

— Рахмат, ишиңерге ийгилик каалайм!

Маектешкен "Кабар" КУМАнын директору
Медербек Шерметалиев

Пикир

Оставить комментарий