• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бекназаров, Матраимов, Атазов. Президент өзүнүн дарегине айтылган дооматтарга жооп берди

Президент 0

Президент Садыр Жапаров бул ирет "Кабар" агенттигине берген маегинде Кемпир-Абад ишине байланыштуу камактагы саясатчылардын биринин кайрылуусуна жана өлкөдө митинг жасоо аракети тууралуу айткандардын билдирүүлөрүнө жооп берди.

— Саламатсызбы, Садыр Нургожоевич!

— Саламатчылык!

Кечээ соцтармакта камактагы саясатчы Азимбек Бекназаровдун сизге жолдогон кайрылуусу чыкты. Анда ток этерин айтканда Рамазан айында бири-бирибизди кечиришели, Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткандарды чыгарыңыз деген ой айтылыптыр. Бул кайрылуу боюнча кабарыңыз бардыр?

— Кечиришели, ит-жыгылыш бололу деген кайрылууларын мен да окудум. Бирок анын тагдырын мен чечпейм. Сот менен прокурор чечет. Бекназаровду колунан жетелеп барып түрмөгө мен салган жокмун да. Аңыраңдап-шаңыраңдаган бойдон барып өзү кирип кетти. Өзү эле эмес канчалаган жаштарды кошо сүйрөп кирип кетти. Алардын убалына калды. Келип аткан Кемпир-Абадды кетип атат деп сакалдуу башы менен жалпы элди адаштырганга аракет кылды.

Биз Кемпир-Абаддын 50 пайызына ээ болдук да. Азыр Өзбекстан тараптан 3, биз тараптан 3 кишиден болуп теңме-тең башкарып олтурабыз. Түбөлүк теңме-тең болот. Буга чейин бир километр жакындай албайт элек. Уңгар-Тоо, Гавасай, айылдардын ичиндеги талаш жерлердин баары биз тарапка өттү. Анан Бекназаровко дагы эмне керек? Жөн гана өзүнүн арам оюн, жеке кызыкчылыгын ишке ашырайын деген ыплас максатын төбөдө Кудай деле көрүп турат да. "Илгерки заманын өткөн, бас, сенин ордуң түрмөдө" деп алып барып киргизип койду го деп ойлойм. Болбосо биз чечкен чек ара маселеси боюнча бизге медаль берсе жарашат эле. Тарых өзү баа берет бул маселеге.

— Мындан бир нече күн мурун Азимбек Бекназаровдун, ага улай эле кармалгандардын башкаларынын туугандары акцияга чыгып, камактагыларды кое бербесеңер орозо айы бүткөндө митингдерге чыгабыз деген билдирүү жасашты. Орозо айы бүтсө өлкө митингдердин кучагында калбайбы?

Митингдерден коркпойбуз. Жеке кызыкчылыктарын ишке ашырыш үчүн митингге чыккандарды көрүп качып же жашынып олтуруп алчу мен эмесмин. Эгер мен мамлекетти тоноп, жакындарымды майлуу жерге коюп, мамлекетти кризистин сазына батырып атсам корксом болот эле.

Тескерисинче командам менен күнү-түнү дебей кара жаныбызды карч уруп иштеп жатабыз. Кекиртегинен сазга баткан мамлекетти эми араң саздан сууруп чыктык. Бажы, салык системасындагы уурулукту жоюп, бюджетти дээрлик 3 эсеге жакын көтөрдүк. Болбосо азыркыдай өнүгүүнү бул жакка коёлу, 2020-жылы эле чет жактардан кредит алып, эмгек акы менен пенсия, пособияларды жаап калган ахывалга келип калбадык беле. Сырткы карыздан кантип кутулабыз деген курч көйгөйдү эле талкуулап калбадык беле. Же эс тутумубуз ушунча кыскабы? Эгер мурдакыдай уурдап эле жашаган заманыбыз жакшы экен деп митингке чыккандар болсо башынан сылап олтурбайбыз. Жооп катуу болот. Анткени "наше дело правое". Элдин көпчүлүк бөлүгү аларды колдобойт. Бизди колдойт. Көпчүлүккө баш ийиш керек.

Митингдерге чыгабыз деген мындай билдирүүлөрдөн кийин соцтармакта буларды айтылуу Райым Матраимов каржылап жатат деген пикирлер көп айтылды. Бул боюнча сизде маалымат барбы? Райым Матраимов өз кезегинде кылмыш чөйрөсү менен байланышта болгону айтылып келет.

Райым Матраимов каржылап атат деген маалымат туура эмес го дейм. Бизде андай маалымат жок. Мен Райым Матраимовду бир эмес, эки жолу кабыл алгам.

Биринчисинде мыйзамдагы ууру Көлбаев экөөнү кабыл алгам. Ал жолугушууда Камчыбек Кыдыршаевич да болгон. Ошондо Көлбаевке катуу эскерткем: "Эски заманыңарды унуткула. Элди, бизнесмендерди тонобогула. Криминалдар бири-бириңерди өлтүрбөгүлө. Саясатчылардын, инвесторлордун бир тал чачы түшпөсүн. Мындан ары тынч, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жашагыла" деп. Тилекке каршы, элди тоноосу токтободу. Базарларда майда чүйдө бизнестерге чейин үлүшкө олтуруп алыптыр. Кээ бир бизнесмендердин мүлктөрүн тартып алган фактылар аныкталды.

Экинчисинде Райым Матраимовдун өзүн кабыл алып: "Эки миллиард төлөдүң, Элдьдорадо соода борборуң, 10 батириң жана башка оокаттарың мамлекетке өттү. Эми мындан ары тынч өз оокатыңды кыл. Криминалдарга аралашпа, алар менен дос болбо" деп айткам. Тилекке каршы, байланышын үзбөптүр да. Атайы кызматы анын криминал менен байланышкан иштерин таап чыгышты. Мурда эми өз эрки менен эки миллиард төлөгөндөн кийин деп канча мүлкү бар экенин андан ары казган эмес. Бул жолу башкаларга каттап койгон мүлктөрүнүн баарын таап чыгышты. Мамлекеттин пайдасына өткөрүп жатышат.

Депутат Шайлообек Атазов президент кабыл албайт деген нааразылыгын билдирди. Бул боюнча пикириңиз?

Мен депутаттарды эле эмес, элдин баарын кабыл алып жүрөм. Аксы окуясынан баштап, апрель, июнь, октябрь окуяларында жабыр тарткандарды, аксакал, көк сакалдарды кабыл алдым. Баарына сылык мамиле жасайм. Эскертем. Анан эле менин эскертүүмө көңүл бурушпаса өздөрүнөн көрүшсүн.

— Убактыңызды бөлүп, суроолорубузга ачык жооп бергениңиз үчүн сизге ыраазычылык билдирем.

— Рахмат, ишиңерге ийгилик каалайм!

Маектешкен "Кабар" КУМАнын башкы директору Медербек Шерметалиев.

Пикир

Оставить комментарий