• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткендеги Исфана шаарынын аталышы Раззаков шаары болуп өзгөрдү

Президент 0

Бишкек, 18.03.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарын Раззаков шаары деп кайра атоо жөнүндө” КРнын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2022-жылдын 16-мартында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззакович Раззаковдун ысымын түбөлүк калтыруу, улуттук идеологияны чыңдоо, улуттук, тарыхый салттардын жана баалуулуктардын негизинде жарандарды руханий-адептик тарбиялоону андан ары өркүндөтүүгө багыттоо болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий