• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чүй облусунун башчысы Эркин Тентишев Панфилов жана Сокулук райондорун кыдырды

Аймак 0

Бишкек, 18.03.22. /Кабар/. Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишев Панфилов районуна иш сапары менен барып, Кум-Арык айылындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер имаратынын ачылыша катышты. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Кум-Арык айылы бир канча жылдардан бери бул имаратка муктаж болуп келген. 150 чарчы метр аянтты ээлеген ФАПка 3,5 млн сом сарпталып, “Ассанабилль” кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланган.

ФАП заманбап жабдыктар менен жабдылган. Ал эми жергиликтүү бюджеттин эсебинен мекеменин айланасын көрктөндүрүүгө 200 миң сом бөлүнгөн.

Облус башчысы өз сөзүндө калктын саламаттыгы биринчи орунда экендигин айтып, демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирип, өзүнүн жана Кум-Арык айылынын элинин атынан фондго “Ыраазычылык баракчасы” ыйгарды.

Ошондой эле иш сапардын алкагында Эркин Тентишев Панфилов районундагы Кайыңды шаарында жайгашкан социалдык турак жайдын ачылышына катышты.

Капиталдык ремонттон өткөн З кабаттуу 2 турак жайда 60 батир жайгашкан. Анын 30 батири мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, жалгыз бой жана көп балалуу энелерге тапшырылды. Ачкыч тапшырылган 30 жаран Панфилов районунда жалпысынан 364 жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн ичинен эң муктаж болгон 30 жалгыз бой жана көп балалуу эненелерге тапшырылып берилген.

Батирлерде бардык шарттар каралган.

Турак жайды курууга "Ас-Салам" коомдук кайрымдуулук фонду салым кошуп, 30 млн сом бөлүп берген. Кайрымдуулук фондго Эркин Тентишев өзүнүн жана жалпы тургундардын атынан “Ыраазычылык баракчасын” ыйгарды.

Андан соң Эркин Тентишев райондогу суу чарбасын, жазгы талаа иштерине карата даярдыктарын текшерди. Райондо сугат иштерине карата арыктарды тазалоо дээрлик 90-95% аяктаган. Күрпүлдөк айыл аймагындагы Киров айылында скважина оңдоо иштерине күбө болду. Скважина калыбына келтирүү үчүн атайын жерине көмөк чордону орнотулуп, электр линиялары тартылган. Калыбына келген соң 324 гектар жер аянтын сугарганга жарайт. Аткарылган иштерге Чүй облустук өнүктүрүү фондунан 1 млн 300 миң сом бөлүнгөн.

Чалдыбар айыл аймагындагы Биринчи Май айылынын “Подводящий” каналын механикалык тазалоо жана 4 кубурду оңдоо жана калыбына келтирүү иштерине күбө болду.

Скважиналарды калыбына келтирүү үчүн электр линияларын тартуу, көмөк чордонду орнотуу иштери жүрүп, республикалык бюджеттен акча каражаты бөлүнгөн.

Эркин Тентишев Панфилов районунун акимине жана райондук суу чарба башкармалыгына өз убагында арыктарды тазалап, жазгы айдоо-себүүнү өз убагында аткарып, ар бир дыйкан суу менен камсыздалышын жана ар ишемби сайын арыктар тазалоодон өтүп туруусун тапшырды.

Иш сапардын жыйынтыгында президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишев Сокулук районунун борборунда жайгашкан “Элден Элге” социалдык дүкөнүнөн кабар алды.

Өкүлчүлүктүн маалыматына караганда, социалдык дүкөн жаңы ачылган.

“Колунда бар, жардамын аябаган жарандар дүкөнгө азык-түлүк алып келишет. Ал эми дүкөн ал азыктарды муктаж болгон жарандарга, майыптыгы барларга бекер таратып берет. Эгерде көмөк көрсөтө алган демөөрчүлөрдүн саны өссө, анда мындай дүкөндөрдү сегиз районго тең ачууга мүмкүнчүлүк түзүлөт”, - деп айтылат өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий