• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда саламаттыкты сактоо системасын санариптештирүүнүн алкагында телемедицина киргизилүүдө

Ден соолук 0

Бишкек, 18.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 18-мартта КР Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилигинин, ЮНИСЕФтин миссиясынын өкүлдөрүнүн жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн катышуусунда санариптик ден соолук продуктуларын талкуулоо боюнча тегерек стол өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйында лидерлер жана эксперттер санариптик саламаттык сактоо системасынын негизин түзгөн санариптик чечимдерди талкуулашты.

Президенттин "КРда саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүү жана калктын жашоо сапатын жана ден соолугун жакшыртуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыгын, "Санарип Кыргызстан – 2019-2023-жылдар” жана 2030-жылга чейин “Дени сак эл – гүлдөгөн өлкө” өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча жол картасын ишке ашыруунун алкагында Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана эффективдүү башкарууну жогорулатуу үчүн бир катар инфраструктуралык санарип продуктуларын иштелип чыкты.

КР саламаттык сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Бакыт Жангазиевдин айтымында, министрлик саламаттыкты сактоону санариптештирүүнү артыкчылыктуу багыттардын бири катары эсептейт.

"Бул үчүн биз санариптик саламаттыкты өнүктүрүүнүн максаттуу моделин, ошондой эле 2022-жылга карата милдеттерди аныктадык, анын борборунда адам турат. Ошондой эле бул жылы биз саламаттыкты сактоо системасынын ишмердүүлүгүн автоматташтыруу менен байланышкан көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган иштеп чыгуулардан калк сезе турган санариптик чечимдерге өтөбүз – бул ар кандай сертификаттарды алуу, поликлиникаларга онлайн каттоо, бизнес менен онлайн өз ара аракеттенүү", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий