• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда биринчи медициналык жардамдын сапатын жакшыртууга $11,4 млн бөлүнөт

Ден соолук 0

Бишкек, 13.02.24./Кабар/. Биринчи медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатууга 11,45 млн доллар бекитилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, КР министрлер кабинетинин буйругу менен "Биринчи медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасын кошумча каржылоо" долбоору боюнча гранттык макулдашуулардын тексттери Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан жалпы суммасы 11,45 млн доллар бекитилди.

Долбоордун максаты - 2019-жылдын 9-сентябрында кол коюлган Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну Кыргыз Республикасында баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу аркылуу саламаттык сактоо системасынын негизги элементтерин түзүү жана бекемдөө аркылуу кошумча каржылоо.

Бул долбоор ошондой эле баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдарынын диагностикалык жана дарылоо потенциалын чыңдоого жана ишке ашырылып жаткан долбоордун алкагында төлөмдөргө байланыштуу көрсөткүчтөрдү сактоого байланышкан чыгымдарды каржылоого жардам берет.

Пикир

Оставить комментарий