• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сүлүктү шаарында “Укук тартип” иш-чарасынын жүрүшүндө 31 протокол толтурулду

Аймак 0

Бишкек, 18.03.22. /Кабар/. Сүлүктү шаарында “Укук тартип” иш-чарасынын негизинде айып пулдар салынды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Сүлүктү шаарында милиция кызматкерлери жериликтүү өзүн өзү башкаруу органдары менен биргеликте шаар аймагында жайгашкан №8 И.Бектемиров жана №6 А.Кайымкулов атындагы орто мектептерде жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды өткөрдү.

Жолугушууда КР президенти С.Жапаровтун каада-салттардагы ашыкча ысырапкерчиликке бөгөт коюу боюнча чыгарган жарлыгын элге жеткирип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Ошондой эле шаар аймагында 2022-жылдын 15-17-мартында өткөрүлүп жаткан “Укук тартип” рейддик иш-чарасын түшүндүрүп шаар ичинде кылмыштуулуктун алдын алуу, укук бузууларга жол бербөө багытында эскертүүлөрдү беришти.

“Укук тартип” рейддик иш-чарасынын жүрүшүндө шаар аймагында паспорттук режимдер, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери автоунаалардын документтерин, кароосуз калган имараттардын жер төлөлөрү, чатырлары текшерилип чыгып, жыйынтыгында КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде 31 протокол толтурулуп, айып пулдар салынды.

Пикир

Оставить комментарий