• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Жалал-Абадда коронавирус жуктургандардын саны 3 миң 225ке жетти. 2 миң 442 адам оорудан айыккан

Аймак 0

Бишкек, 06.08.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктургандардын саны 3 миң 225ке жетти. Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков билдирди.

Анын айтымында, анын ичинен коронавирус жуктургандардын саны 1 миң 298 жана пневмония менен ооругандардын саны 2 миң 27ни түзөт.

"Бүгүнкү күнү ооруканаларда коронавирус жуктурган (пневмонияны эсепке алганда) 729 бейтап дарыланууда. 238 адам амбулатордук дарыланууда болууда. 2 миң 442 адам оорудан айыккан - анын ичинен 2 миң 13 адам ооруканадан дарыланып чыккан. 154 киши каза болгон - анын ичинен 27 адам коронавирустан, 127 адам пневмониядан каза болгон", - деди ал.

Ал белгилегендей, бүгүнкү күнгө чейин облуста 17 миң 339 ПЧР анализ жүргүзүлүп, 1 миң 298 адамдан коронавирус аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий