• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарында милиционерлер үчүн экстремизмди жана терроризмди алдын алуу боюнча семинар өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 05.07.23. /Кабар/. 2023-жылдын 3-июлунан 8-июлуна чейин Нарын ОИИБнин 150 жакын кызматкерине “Коомчулук арасында экстремизмди жана терроризмди алдын алууда укук коргоо органдарынын ролу” аттуу темада семинар-тренинг уюштурулууда. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аркеттенүү кызматынын демилгеси менен LEICA долбоорунун алкагында Европа Биримдигинин колдоосу аркылуу эл аралык эксперттердин катышуусунда бир жумалык семинар-тренинг өтүп жатат.

Бул иш-чара ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аркеттенүү кызматы тарабынан 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планында көрсөтүлгөн талаптарды аткаруу максатында Нарын ОИИБнын борбордук аппаратынын жана аймактык түзүмдөрүнүн кызматкерлерине өткөрүлүүдө.

Милиция кызматкерлери үчүн “Коомчулук арасында экстремизмди жана терроризмди алдын алууда укук коргоо органдарынын ролу” аттуу темада туруктуу кызматташтыкты жана маалымат алмашуу каналын бекемдөө, аны өркүндөтүү, облус аймагындагы күч түзүмдөрү ортосунда терроризмге, экстремизмге каршы аракеттенүүдөгү кызматташуунун негизги багыттарын аныктоо жана коомчулук арасында экстремизмди, радикализмди алдын алуу иш-чараларын жакшыртуу максатында уюштурулду.

Аталган семинар-тренинг ИИМдин ЭММКАКнын улук ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкери милициянын полковниги Манас Аманбаев, ИИМдин Академиясынын улук окутуучусу Медер Карабаев тарабынан LEICA долбоорунун өкүлдөрү менен биргеликте уюштурулуп, кызматкерлерге “Кыргызстандагы диний радикалдашуунун алгачкы белгилери жана аларды алдын алуу”, “Экстремисттик жана террористтик уюмдардын, материалдардын коркунучтары, өзгөчөлүктөрү”, “Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты” аттуу темалар боюнча атайын даярдалган слайддар аркылуу баяндамалар жасалып, видеотасмалар көрсөтүлдү.

Ошондой эле, экстремисттик, террористтик жана деструктивдүү көз караштагы диний уюмдардын ишмердүүлүгүнө жол бербөө максатында жалпы коомчулук менен биргеликте иш-чараларды жүргүзүү багытында практикалык жардамдарды көрсөтүү менен эксперттер өздөрүнүн тажрыйбаларын бөлүштү.

Семинарды өткөрүү учурунда, катышуучулар тарабынан берилген суроолорго эксперттер тарабынан жооптор берилип, аягында катышуучуларга ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан даярдалган диний экстремизмдин алдын алуу темалары боюнча 1500 ашык нускада усулдук китепче, буклеттер, эстеткичтер таратылды.

Пикир

Оставить комментарий