• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нарында медиктер калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, саламаттыгын текшерүүдө

Аймак 0

Бишкек, 08.05.20. /Кабар/. Нарын шаарынын аймагында медиктерден турган мобилдик топ коронавируска каршы күрөшүү максатында үйлөрдү кыдырууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, атайын түзүлгөн мобилдик топ калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Медиктер үйлөрдү кыдырып, жарандардын саламаттыгын текшерүүдө, ошондой эле бекер беткаптар таратылып жана шаардыктарды муктаждыгы жок эшикке чыкпоого чакырышууда.

Пикир

Оставить комментарий