• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чек арадагы Ак-Сай айылында футбол аянтчасы ачылды

Аймак 0

Бишкек, 31.07.19. /Кабар/. Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен Ак-Сай айылында жаңы футбол аянтчасы пайдаланууга берилди.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, облустагы өкүл Акрам Мадумаров иш-чарага катышып, айыл элин футбол аянтчасынын ачылышы менен куттуктаган.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү жаңы аянтчадагы алгачкы оюнду баштап берип, өзүнүн жана Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын атынан 30 миң сом байге фондун уюштуруучуларга тапшырган.

"Мадумаров футбол аянтчасынын ачылышына салым кошкон жаштарга жана 22-24-июлда кыргыз-тажик чек арасында катталган окуяда кырдаалды жөнгө салууга активдүү катышкан адамдарга "Ардак грамота" тапшырды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий