• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абадда турак жайын акысыз камсыздандырган жарандарга каражат бөлүндү

Аймак 0

Бишкек, 17.06.21. /Кабар/. Жалал-Абадда турак жайын акысыз камсыздандырган мүмкүнчүлүгү чектелген жаранга каражат бөлүндү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусундагы Ноокен районунун Таштак айылынын тургуну Асылкан Арзыкулова ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелип, экинчи топтогу майып болгондугуна байланыштуу турак жайын акысыз камсыздандырган. Буга чейин жашап турган үйү толугу менен өрттөнгөндүктөн ага 450 миң сом акча каражаты бөлүндү. Сертификатты Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Жалал-Абад облусундагы филиалынын директору Бекжан Султангазиев тапшырды.

Аны менен катар турак жайы өрттөнгөн дагы бир Сузак районунун Ленин айыл аймагынын Жыгач-Коргон айылынын тургуну Күмүшбек Кулчиевге да 250 миң сом ыйгарылды. Каражат камсыздандыруу тартиби эске алынган шартта төлөнүп берилген.

Камсыздандыруу уюмуна Жалал-Абад облус боюнча 2021-жылдын беш айында 4 миң 399 турак жай камсыздандыруудан өткөн. 2016-жылдан тарта ар түрдүү кырсыктар катталган 86 үйдүн калыбына келтирүү иштерине 9 млн 74 миң сомдон ашуун каражат төлөнүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий