• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көлдү таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо уланууда

Аймак 0

Бишкек, 18.04.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары тарабынан Ысык-Көлдү таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо иши жигердүү уланууда.

ӨКМден билдиришкендей, суучулдар учурда Ысык-Көлдүн Каракол булуңундагы көлдүн аянтын тазалап, 26-марттан баштап 17-апрелге чейин 2,5 тонна таштанды, 18 миң 900 метр балык уулоочу тор чыгарышты.

Белгилей кетсек Ысык-Көлдү масштабдуу түрдө тазалоо иши президент Садыр Жапаровдун демилгеси жана жарлыгынын негизинде ишке ашууда.

Пикир

Оставить комментарий