• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМ Ички аскерлеринин 704 аскер бөлүгүнүн түзүлгөн күнүнө карата спорттук иш-чара өттү

Аймак 0

Бишкек, 13.09.21. / Кабар/. ИИМ Ички аскерлеринин 704 аскер бөлүгүнүн түзүлгөн күнүнө карата спорттук иш-чара өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарындагы 704 аскер бөлүгүнүн түзүлгөндүгүнүн 29 жылдыгына арналган кичи футбол мелдешинде Ноокен РИИБдин командасы 1-орунду багындырды. Ал эми волейбол боюнча өткөрүлгөн мелдеште КР ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын командасы башкы байгени жеңди.

Спорттук оюндарга облустагы күч түзүмдөрүнүн командалары катышышты. Жеңүүчүлөргө кубок, диплом, акчалай сыйлыктар тапшырылды. Сыйлоо аземи 11-сентябрда 704 аскер бөлүгүнүн имаратында өттү.

Салтанаттуу иш-чарага ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Сүйүнбек Өмүрзаков, ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчысы Исламбек Кенжекулов, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Ашим Тагаев, аскер бөлүктөрдүн ардагерлери, өздүк курам жана коноктор катышты.

Кызматта жетишкен ийгиликтери үчүн бир катар аскер кызматчыларына ИИМдин “Кыргыз милициясына 95 жыл” юбилейлик медалдары, Жалал-Абад ОИИБдин ардак грамоталары тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий