• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК: “Кадастрдын” Токмок-Чүй филиалынын кызматкерлери кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.07.23. /Кабар/. “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Токмок-Чүй филиалынын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин Токмок-Чүй филиалынын айрым кызматкерлери тарабынан кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды.

Алар жоопкерчилиги чектелген коомдордун бирине таандык болгон 1330 чарчы метр турак жай эмес мүлктү жана 0,75 га жер тилкесин жеке баюу максатында Н.М.И. аттуу КР жаранына мыйзамсыз катташкан.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Токмок-Чүй филиалынын жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүүлөр УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий