• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто дагы бир банкоматты "тазалап" кетишти, ичинде 1,5 млн сом болгон

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.03.19. /Кабар/. “Кыргызкоммерцбанктын” Ош шаарында жайгашкан банкоматын тоноп кетишкен. Аталган маалыматты “Кабар” агенттигине шаардык милициядан тастыкташты.

Банкоматты тоноо фактысы 2нен 3-мартка караган түнү катталган. Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Учурда тергөө иш-чаралары жүрүүдө.

Милициядан банкоматтын ичинде канча акча бар экендиги тууралуу так маалымат беришкен жок. Бирок айрым ММКлар 1,5 млн. сом бар болгон деп жазып чыгышты.

Эске сала кетсек, буга чейин Араван районунда 10-февралга караган түнү “Кыргызстан” банкынын банкоматынан 900 миң сом уурдалган.

Пикир

Оставить комментарий