• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Улукбек Самыйбеков Салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 04.03.19. /Кабар/. Улукбек Самыйбеков премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин 2019-жылдын 4-мартындагы буйругу менен өкмөткө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.

Жаңы орун басарды Салык кызматынын борбордук аппаратынын жамаатына КР Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы Самат Кылжыев тааныштырды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлү МСКнын төрагасынын жаңы орун басарын тааныштырып жатып, камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу боюнча жаңы функциялардын өткөрүлгөндүгүнө, ошондой эле салык жол-жоболорун фискалдаштыруу долбоорунун ишке ашырылышына байланыштуу, өкмөт тарабынан Салык кызматына коюлган бир катар милдеттер туурасында эскертип өттү.

МСКнын төрагасынын жаңы орун басары маалыматтык технологиялар жана камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу менен байланышкан тармакты жетектөөгө алат.

Пикир

Оставить комментарий