• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМ: Баткен районунун Көк-Таш айылындагы окуя боюнча кылмыш иши козголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.01.22. /Кабар/. Баткен районунун Көк-Таш айылындагы окуя боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 27-январда саат 18:00 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылы менен Тажикстандын Согди облусунун Исфара районунун Самониен айылы чектешкен, такталбаган чек ара тилкесинде Тажикстандын жергиликтүү тургундары курулуш иштерин жүргүзүп жатышканда Кыргызстандын чек ара кызматкерлери тарабынан токтотуу талабы коюлган.

Ага каршы болгон Тажикстандын жарандары Ош-Исфана унаа жолу менен Исфара-Ворух жолдорунун кесилишине таштарды коюп, жолду тосуп алышкан. Эки өлкөнүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жолугуп сүйлөшүү өткөрүлүп, курулуш иштерин токтотуу, унаа жолун ачуу боюнча макулдашууга жетишкен.

Бирок саат 19:30дар чамасында эл аралык келишимдерди бузуу менен улуттук кастыкты көздөп, куралдуу агрессияны пландап, агрессивдүү согушту көрсөтүү максатында жөнөкөй жарандар жашап жаткан Баткен районунун Көк-Таш айылынын Чыр-Дөбө, Кум-Мазар, Дахма участкаларына, Орто-Боз айылынын Төрт-Көчө участкасына жана Көк-Таш айылындагы ИИМдин Ички аскерлеринин 707 аскер бөлүгүнүн имаратына Тажикстандын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери оор ок атуучу куралдарды колдонуу менен кол салышкан.

Натыйжада жергиликтүү тургундарынын турак жайлары, 707 аскер бөлүгүнүн имараты жабыркап, аскер кызматкерлерине жана бир жаранга ок тийип, денелеринен алган жараатынан улам Баткен облустук биргелешкен ооруканасына жеткирилген.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 402-беренеси (“Тынчтыкка каршы кылмыштар”) менен катталып, тергөө иштери башталды.

Ал эми денесинен жараат алгандарга соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий