• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тарых музейин жана ат майданын оңдоп-түзөө боюнча иш: Кийинки отурумда айыпталуучулардан сурак алуу башталат

Укук тартиби 0

Бишкек. 10.03.20. /Кабар/. Бүгүн Биринчи май райондук сотунда мамлекеттик Тарых музейин жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын оңдоп-түзөө иши боюнча соттук отурум уланууда.

Сотто судья Марат Сыдыков төрагалык кылууда. Отурумга кезектеги күбө чакырылган. Андан башка күбөлөр болбогондуктан отурум 17-мартка жылдырылды.

Судья билдиргендей, башка күбөлөр жок болсо, анда кийинки отурумда айыпталуучулардан сурак алуу башталат. Ал эми мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу кабарчыларга Исаков келеби же жокпу азырынча айта албасын билдирген.

“Мен сүйлөшүп көрөм, анан билинет”, - деген жактоочу.

Эскерте кетсек, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Мамлекеттик тарых музейинин реконструкциясы боюнча Сапар Исаковго КР Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү (оор жагдайларды жараткан коррупция) боюнча айып таккан.

Мамлекетке жалпысынан 247 млн сомдук зыян келтирилгени айтылат – тарых музейин оңдоп-түзөөдөн 101,6 млн сом жана ат майданы боюнча 145,9 млн сом.

Пикир

Оставить комментарий