• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанга эки Toyota Land Cruiser алынып келип, бирок бажы төлөмдөрү төлөнгөн эмес

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.06.23. /Кабар/. Кыргызстанга эки Toyota Land Cruiser унаасы алынып келип, бирок бажы төлөмдөрү төлөнгөн эмес.

Бажы кызматынан билдиришкендей, бажычылар "А.П." ЖЧК тарабынан бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качкан фактыларды аныкган.

"2018-жылдын 27-сентябрынан 2019-жылдын 16-июнуна чейин жогоруда аталган юридикалык жактын дарегине 2018-жылы жана 2019-жылы чыгарылган Toyota Land Cruiser 150 үлгүсүндөгү 2 унаа алынып келип, Бажы кампасы бажы жол-жобосуна коюлган", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, бажы кампасынын бажы жол-жобосунун колдонуу мөөнөтү 3 жылды түзөт. Мындан тышкары, бул товарлар мөөнөт аяктаганга чейин башка бажы жол-жобосуна жайгаштырылууга тийиш. Бирок, жогоруда көрсөтүлгөн унаалар бажы органына билдирбестен жана бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн башка жактарга сатылып кеткен.

Бажы эрежелерин бузуунун натыйжасында мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 1 млн 388 миң 879 сомду түзгөн.

Чогултулган материалдар КБР МКЖ АДСда катталып, КР мыйзамдарына ылайык кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Башкы прокуратурага өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий