• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

УТРК - DW: адистерди окутуу, контент алмашуу тууралуу макулдашты

Коом 0

Бишкек 23.06.23. /Кабар/. Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Болотбек Тиллебаев Германияга болгон иш сапарынын алкагында Deutsche Welle (Немис толкуну) эл аралык медиа корпорациясынын жетекчилиги менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Алардын заманбап техникалык базасы менен таанышты. Жолугушуу жемиштүү жыйынтыкталды.

Атап айта турган болсок, Deutsche Welle эл аралык медиасынын жетекчилиги менен сүйлөшүүнүн жыйынтыгында контент алмашуу, кадрларды окутууу маселеси каралды. DW медиа уюмунун КМШ өлкөлөрү боюнча таркатуу бөлүмүнүн башчысы Борис Банчевский менен көрсөтүүлөрдү алмашуу, сапаттуу контент сунуштоо багытында макулдашуу болду. Ошондой эле DW академиясынын жетекчиси Лидия Ранерт менен кадрларды окутуу, адистерди жиберүү, тажрыйба алмашуу тууралуу сүйлөшүлдү. Тараптар мерчемделген иш чараларды жакынкы аралыкта жүзөгө ашырууга кызыкдарлыгын билдиришти.

Белгилей кетсек, Германиянын Бонн шаарында Deutsche Welle уюштурган Дүйнөлүк медиафорум 19-20-июнь күндөрү аралыгында өттү. Ага дүйнөнүн 120 өлкөсүнүн медиа уюмдарынын эки миңден ашык жетекчилери, өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий