• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Карыпбеков КТРК башкы директорлугуна кайрадан көрсөтүлбөйт

Коом 0

Бишкек, 6-июнь /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Илим Карыпбеков КТРК башкы директору кызматына кайрадан талапкерлигин койбойт. Бул тууралуу ал бүгүн КРнын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча коомдук угууда билдирди.

Белгилей кетсек, мындай билдирүүнү ал КТРК башкы директорун шайлоодо КБК мүчөлөрүнүн добуш берүүсү ачык болушу керектиги тууралуу маселени талкуулоодо жасады.

“Мен кетип жаткан башкы директор катары, бул кызматка өзүмдү көрсөтүү ниетим жок. Добуш берүү ачык болушу керек деп эсептейм”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий