• 88.68
  • 95
  • 0.95

Оштон Иркутск шаарына каттамдардын саны көбөйдү

Аймак 0

Бишкек, 23.06.23. /Кабар/. 2023-жылдын 23-июнунда ата мекендик «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы Ош-Иркутск-Ош багыты боюнча биринчи каттам аткарып, бул багытта туруктуу каттамдардын санын көбөйттү.

«Манас» эл аралык аэропортунан билдиришкендей, биринчи каттам менен Оштон 131 жүргүнчү учуп кетип, Иркутск шаарынан 180 жүргүнчү учуп келген.

Каттамдар Airbus A320 учактары менен жумасына бир жолу – жума күндөрү аткарылат.

Эскерте кетсек, башка авиакомпаниялар тарабынан аталган багыт боюнча жумасына алты каттам аткарылат.

Пикир

Оставить комментарий