• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чаткалда кар көчкү түшүп, эки унаа жолду жаап калган

Аймак 0

Бишкек, 20.03.19. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 88-93-101-чакырым аралыгында кар көчкү түшкөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, кар көчкү кечээ, 19-мартта болжол менен саат 18:20да түшүп, көлөмү болжол менен 5 миң куб метрди түзгөн.

Мындан тышкары, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 4-9-чакырым аралыгында көлөмү болжол менен 5 миң куб метрди түзгөн кар көчкү түшүп, жол каттамы жабылган.

Жерине атайын техника тартылып, кечки саат 20:40да Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолу бир тараптуу ачылган.

ӨКМден кеңейтүү иштери бүгүн улантыла тургандыгын кошумчалашты.

Пикир

Оставить комментарий