• 88.68
  • 95
  • 0.95

Зиядин Жамалдинов Ош – Ноокат – Раззаков жолун оңдоо иштери менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 05.03.23. /Кабар/. Президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов КР транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев жана тиешелүү мекеме жетекчилер менен биргеликте Ош – Ноокат – Раззаков унаа жолун оңдоп-түзөө иштери менен таанышты.

Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, учурда аталган жолдо оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүүдө.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош – Ноокат – Раззаков жолунун кооптуу участокторунда оңдоп-түзөө иштери мындан бир нече күн мурун башталган.

Пикир

Оставить комментарий