• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош шаарында "Алтын сертификат" алган бүтүрүүчүлөр сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 24.07.23. /Кабар/. Бүгүн, 243-июлда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жалпы республикалык тестирлөөдө өзгөчө сертификатка ээ болгон мектеп бүтүрүүчүлөрүн сыйлады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жетигенов куттуктоо сөзүндө Ош шаарынын намысын коргогон жөндөмдүү улан-кыздардын көп болушун тилек кылып, келечек муундарын алган сыйлыктары менен куттуктап, бүтүрүүчүлөргө белектерди тапшырды.

Өз кезегинде алтын сертификат ээлери, алардын мугалимдери жана ата-энелери шаар башчысына көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

Ош шаарында быйылкы жылы “Алтын сертификатка” 3 окуучу ээ болду. Алар:

1. Кызжибек Жээнбекова - 236 упай -(50 000 сом) С.М.Киров атындагы №4 мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү;

2. Муратбек Ажымаметов – 225 упай (30 000 сом) “Сема” Ош лицейинин бүтүрүүчүсү;

3. Камалов Даниэл- 223 упай (30 000 сом) “Сема” Ош лицейинин бүтүрүүчүсү.

Пикир

Оставить комментарий