• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте айрым автобус жана маршруткалардын кыймылы убактылуу өзгөрөт

Коом 0

Бишкек, 24.07.23. /Кабар/. 2023-жылдын 25-июлунан 5-августуна чейин өндүрүштүк муктаждыктарга байланыштуу "Бишкекжылуулуктармагы" ишканасы Гоголь көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жер иштерин жүргүзөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, буга байланыштуу төмөнкү коомдук транспорттордун кыймылы убактылуу өзгөртүлдү:

- №35 автобустук каттам Москва көчөсү менен Сүйүмбаев көчөсүнө чейин, Сүйүмбаев көчөсү менен Чүй проспектисине чейин жана андан ары кыймылдын схемасы боюнча жүрөт.

- №48 автобустук каттам Гоголь көчөсү, Токтогул көчөсү, Ибраимов көчөсү, Москва көчөсү менен каттап, андан ары кыймылдын схемасы боюнча жүрөт.

- №131 маршруттук каттам Гоголь көчөсү, Токтогул көчөсү, Ибраимов көчөсү, Москва көчөсү менен каттап, андан ары жол кыймылынын схемасы боюнча каттайт.

- №121 маршруттук каттам Гоголь көчөсү, Токтогул көчөсү, Ибраимов көчөсү, Москва көчөсү менен каттап, андан ары жол кыймылынын схемасы боюнча жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий