• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Унаа, жер салыктарын төлөө мөөнөтү 2-сентябрда аяктайт

Коом 0

Бишкек, 30.08.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Унаа салыгын төлөөнүн акыркы күнү дем алыш күнүнө туш келгендиктен, салыкты төлөө мөөнөтү дүйшөмбү күнү, 2-сентябрда аяктайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Ушул эле күнү турак үй, батир (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган) жана жер (үй алдындагы, короо-жай жанындагы, бактуу-чарба жер тилкелери) салыктарын да кабыл алуу аяктайт.

Эскерте кетсек, салык органдары нөөмөт графигине ылайык 2-сентябрга чейин, анын ичинде дем алыш жана майрам күндөрү да иштешет.

Салыктарды айрым банк мекемелеринин кассаларынан, төлөм терминалдары, мобилдик жана интернет банкинг аркылуу төлөөгө болот.

Пикир

Оставить комментарий