• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад шаарынын Бадалов көчөсүнө асфальт төшөлөт

Аймак 0

Бишкек, 24.07.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы Бадалов көчөсүнө асфальт төшөө үчүн жолду даярдоо иши башталды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда аталган көчөдө Жалал-Абад шаардык жол башкармалыгы тарабынан эски асфальтты сыйрып алуу жумуштары жүрүп жатат.

Бадалов көчөсүнө узундугу 420 метр, туурасы 5 метр асфальт төшөлөт.

Белгилей кетсек, аталган көчө аркылуу жергиликтүү жашоочулардан сырткары Жалал-Абад облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборуна келген адамдар каттам жүргүзөт.

Пикир

Оставить комментарий