• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто тогуз коргоол боюнча мэрдин Кубогу башталды

Аймак 0

Бишкек, 19.10.18. /Кабар/. Ош гуманитардык педагогикалык институтунун залында тогуз коргоол боюнча Ош шаарынын мэринин Кубогу башталды. Мелдешке Кыргызстандын 7 облусунан, Бишкек, Ош шаарларынан 200дөн ашуун спортчулар катышууда. Мелдеш 17-октябрда старт алган.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, спорттук мелдеш Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында, улуттук спортту өнүктүрүү жана мыкты спортчуларды тандоо максатында өтүп жатат.

Мелдеш 22-октябрда жыйынтыкталат.

Жеңүүчүлөргө Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан кубок, медалдар, дипломдор жана баалуу белектер тапшырылат.

Пикир

Оставить комментарий