• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад милициясы: Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун саны көбөйүүдө

Аймак 0


Бишкек, 21.12.20. /Кабар/. Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы учурда үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун саны көбөйүп жаткандыгын билдирди.

Ага байланыштуу облустук милиция жарандарга кайрылат;

Урматтуу жарандар, үй-бүлөлүк замбулукка каршы бирге күрөшөлү! Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү бир гана милициянын милдети деген жаңылыштык.

Милиция менен жалпы журт, коомчулук, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү үй-бүлөлүк зомбулукка каршы бирге күрөшүп, анын оор кесепеттерин алдын алышыбыз керек. Учурда үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун саны көбөйүүдө. Көпчүлүк мезгилде бул көрүнүштөрдөн аялдар жабыркап, милицияга кабарлаган учурда гана күнөөкөргө мыйзам чегинде чара көрүлсө, көп учурда жакындары, жабыр тарткан үй-бүлө мүчөлөрү зомбулукка кабылгандыгын жашырып, билинбей калып, натыйжада оор кесепеттерге алып келүүдө.

Зомбулук көрсөткөн адам үй-бүлө куруу жоопкерчилигин түшүнбөй, үстүмдүк кылып, зомбулук көрсөтүүдөн үй-бүлөнүн бузулушуна алып келүүдө.

Үй-бүлөлүн бузулушунун кесепетинен “Баштаган бирөө, жабырын тарткан көпчүлүк” болуп, ошол үйдөгү балдардын дагы моралдык жактан, психологиялык жактан жабыр тартышы баарыбызга белгилүү. Келечек муун үчүн жаштарга туура тарбия берип, үй-бүлөлүк балуулуктарды, жоопкерчилик алууну, бири-бирине сый-урмат көрсөтүүнү үйрөтөлү.

Бекем үй-бүлө-күчтүү мамлекет!

Эгерде жакындарыңыздын, кошуналарыңыздын үй-бүлөсүндө болуп жаткан зомбулукту байкаган учурда тез арада милиция кызматкерлерине "102" номуруна же аймактык ички иштер органдарына кабарлооңуздарды суранабыз.

Пикир

Оставить комментарий