• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Төрөкан Багынбай уулу менен Акжол Махмудовго акчалай сыйлык тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 23.09.18. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Индонезияда өткөн Жайкы Азия оюндарында жиу-житсу боюнча алтын байгени уткан Төрөкан Багынбай уулуну жана грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында өткөн Дүйнө биринчилигинде коло медалды жана Азиадада күмүш медалды багындырган Акжол Махмудов менен жолугушту.

Жолугушууга спортчулардын машыктыруучулары, жакындары жана спортчулар да чакыртылган. Т.Сарыбашов спортчуларды жеңиштери менен куттуктап, Төрөкан Багынбай уулуна 100 миң сом, Акжол Махмудовго 50 миң сом тапшырды.

"Мындан ары көптөгөн бийиктиктерди багындыргыла. Биз силерди ар тараптан колдоого дайым даярбыз. Спортчу жеңип келгенде гана эмес, башка убакта да колдошубуз керек”, - деди шаар мэри.

Пикир

Оставить комментарий