• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош шаарында эки деңгээлдүү өтмөк курулат. Эскиздер

Аймак 0


Бишкек, 24.01.24. /Кабар/. Ош шаарында эки деңгээлдүү өтмөктү курууга даярдык башталды, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, учурда Ы. Монуев көчөсүн “Кыргыз Көчү” босогосунан А. Масалиев кең көчөсүнө чейинки аралыкты оңдоп-түзөө, Ы. Монуев, А. Шакиров менен Алимжанов көчөлөрүнүн кесилишинде эки деңгээлдүү жер астынан, үстүнөн унаалар жана жөө жүргүнчүлөр үчүн курулуучу өтмөктү курууга даярдыктар башталды.

"Бул Ош шаарында жасалуучу негизги ири долбоорлордун бири. Анын алкагында тиешелүү адистер тарабынан учурда элге түшүндүрүү иштери, кызыл сызыктын чегинен чыгып кеткен имараттарды алып салуу, курулуш иштерин баштоо үчүн долбоордо каралган жерлерди даярдоо иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий