• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Манас районунун Покровка айылында жаңы мечит пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 27.01.21. /Кабар/. алас облусунун Манас районунун Покровка айылындагы “Бахрейн” атындагы жаңы заманбап мечит пайдаланууга берилди. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Мечиттин ачылышында облус казысы Таалайбек ажы Бапиев ушул мечит келечек муундардын таалим-тарбиясына көңүл буруп, жергиликтүү айыл эли үчүн кызмат кылган ыйман ордосуна айланышын тилеп, ак батасын берди.

Ачылуу аземине Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков, Талас облусунун казысы Таалайбек ажы Бапиев, «Ассанабил» фондунун өкүлдөрү, казынын орун басары Касым ажы Сыдыков, казыяттын окуу бөлүмүнүн адиси Абдысамат уулу Өмүрзак, Талас облусунун мурдагы башчысы Марат Мураталиев, райондун имамдары жана айыл тургундары катышты.

Пикир

Оставить комментарий