• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткендеги өкүлчүлүк кыргыз-тажик чек арасы боюнча маалыматка комментарий берди

Аймак 0

Бишкек, 04.08.23. /Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү кыргыз-тажик чек арасы боюнча маалыматка комментарий берди.

Маалыматта айтылгандай, президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода баштаган эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери чек арада ай сайын жолугушууларды өткөрүп турат. Сүйлөшүүлөрдүн максаты чек ара аймактарында пайда болгон маселелерди жеринде ыкчам чечүү, чыр чатактарга жеткирбөө, тынчтыкты камсыз кылуу.

Мына ушул багытта ушул жылдын июлунда дагы бир жолугушуу өткөн, бирок бул ирет үч тараптуу өттү. Ага Кыргызстандын Баткен, Тажикстандын Согди, Өзбекстандын Фергана облустарынын башчылары катышкан.

"Жолугушуу биринчи кезекте чек ара аймактарында тынчтыкты, коопсуздукту камсыз кылуу максатын көздөйт. Ошондой эле кылым карыткан коңшу элдердин ынтымагын бекемдөө менен, облустар аралык ар тараптуу кызматташууну жакшыртуу", - деп айтылат маалыматта.

Өкүлчүлүктөн кошумчалашкандай, ал эми Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселеси - бул мамлекеттик деңгээлде, эки тараптуу чечилүүчү маселе, учурда Өкмөттөр аралык комиссия чек араны тактоо жумуштарынын үстүндө активдүү иш алып барууда.

"Ошондуктан биринчи кезекте эки өлкөнүн чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин аягына чыгуу керек. Ал эми экинчи кезекте чек араны ачуу маселесин этап-этап менен кароо, ар тараптуу байланыштарды чыңдоо маселелери турат", - деп баса белгилешти өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан.

Белгилей кетсек, күн мурун айрым тажик ЖМКлары Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзоданын маалыматына таянып, Тажикстан менен Кыргызстан кыргыз-тажик чек арасын ачуу боюнча макулдашууга жетишкендигин жазып чыккан.

Пикир

Оставить комментарий