• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Саймалуу-Таш" петроглифин ЮНЕСКОго киргизүү аракети көрүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 04.08.23. /Кабар/. 1-3-августта Тогуз-Торо районунда "Саймалуу-Таш" мамлекеттик жаратылыш паркында "Саймалуу-Таш" петроглифин ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизүү максатында илимий конференция өттү. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, илимий иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев, Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев, Маданият, маалымат спорт жана жаштар иштери министрлигинин Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлү Чынарбек Жолдошов, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин өкүлү Т.Сатимбаев, Улуттук илимдер академиясынын Б.Жамгерчинов атындагы тарых, археология жана этнология институтунун орун басары Тыныстан Арзыбаев, илимий кызматкерлер, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Илимий конференциянын жүрүшүндө райондун акими "Саймалуу-Таш" петроглифинин сырын ачууга мезгил келгенин айтып, ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизүү учурдун талабы экенин кошумчалады.

Окумуштуулар "Саймалуу-Таш" мамлекеттик жаратылыш паркында жайгашкан "Саймалуу-Таш" петроглифин ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизүү максаты 2001-жылдын ушул кунүнө чейин изилденип жатканын айтышып, илимий докладдарды окушту.

Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Чынарбек Жолдошов "Саймалуу-Таш" петроглифинде жайгашкан таштардын сүрөттөрүнөн түзүлгөн маалыматтык база учурда да тизмектелип жазылып, катталып жатканын айтты.

Окумуштуулардан түзүлгөн курам ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизүү үчүн жарандардан уламыштарды, баяндарды топтоо үчүн тургундарды көмөктөшүүгө чакырды.

Соңунда жумушчу топ түзүлүп, окумуштуулардын курамы жана иш план бекитилди, ошондой эле тийиштүү тармактын жетекчилерине маалыматтык тутум түзүү үчүн тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий