• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкектеги кафелердин биринде келемиш жүгүрүп жүргөнүн тартып алышкан (видео)

Коом 0


Бишкек, 28.01.19. /Кабар/. Бишкекте кафелердин биринде семиз келемиш жүргөн. Бул тууралуу Facebook'дун колдонууларынын бири жазган.

"Мен шок болуп турам. Бул шаардын борборундагы Vefa борборунун маңдайындагы кафе. Семиз да экен. Санэпидемстанция кайда карап жатат. Кафенин аты Alikebab", - деп жазат колдонуучу.

"Кабар" агенттигине Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору Толо Исаков билдиргендей, аталган кафеде сөзсүз түрдө санитардык талаптарды аткаруусу боюнча пландалбаган текшерүү жүргүзүшөт.

"Учурда кабарлабай барып текшерүү жүргүзүүгө 2 жылга мораторий киргизилген. Учурда биз ишкерлик объектилерди арыз, даттануу түшкөндө же уулануу болгондо текшерүүдөбүз. Бирок бул кафени текшеребиз", - деп билдирди Исаков.

Пикир

Оставить комментарий