• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Мурас Ордо” конушунун тургундары коомдук унаанын жаңы каттамын киргизүүнү талап кылышууда

Коом 0

Бишкек, 21.11.18. / Кабар/. “Мурас Ордо” конушунун тургундары коомдук унаанын жаңы каттамын ачууну талап кылып, Бишкек мэриясынын алдында митинг өткөрүүдө.

Конуштун тургундарынын айтымында, алар бул талаптарын август айында эле айтканы менен бул маселе боюнча азыркыга чейин иш-аракет жок болууда.

“Бизде бир эле №206 маршруттук каттамы бар. Болгону 7 унаа. Биз тарапта 2 миң окуучу жашайт. Мектептин жоктугунан балдар шаарга келип окуйт”, - дейт тургундардын бири.

Шаардык унаа башкармалыгынын жетекчиси Хасанбек Алимбеков билдиргендей, кошумча каттам ачылган, бирок унаалар жок болуп жатат.

“Эгер ал фирма белгилүү бир убакыт ичинде ишин аткара албаса, биз башкасына кайрылабыз”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий