• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан менен Венгрия эл аралык уюмдардын алкагында кызматташууну бекемдейт

Коом 0

Бишкек, 04.08.23. /Кабар/. Будапештте Кыргызстандын Венгриядагы элчиси Талантбек Кушчубеков Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин коопсуздук саясаты жана энергетикалык коопсуздук боюнча мамлекеттик катчысы Петер Старай менен жолугушту.

КР тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жакында эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде өткөн Кыргыз-венгер стратегиялык кеңешинин 3-отурумунун жыйынтыктарын талкуулап, өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалы жана өнүктүрүүнүн келечеги тууралуу пикир алмашты.

Ошондой эле алар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерге да токтолушуп, Кыргызстан менен Венгриянын Европа Биримдигинин эл аралык уюмдарынын алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргызстан менен Венгриянын, анын ичинде эл аралык уюмдардын алкагында кызматташууну бекемдөөгө багытталган биргелешкен ишти улантууга макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий