• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда ирригациялык объекттерде оңдоо-калыбына келтирүү жумуштары улантылууда

Коом 0

Бишкек, 06.12.22. /Кабар/. Суу ресурстары кызматынын 2022-жылга суу чарба объекттерин капиталдык оңдоо планына ылайык, ирригациялык объекттерде оңдоо-калыбына келтирүү жумуштары улантылууда 25-декабрга карата аяктайт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын башчысы Алмазбек Сокеев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, азыркы учурда узундугу 121,6 чакырым каналдар оңдолса, 30,3 чакырым канал бетондолду. "733,2 чакырым канал, 567 гидротехникалык курулма, 306 гидрометрикалык пост, 105 насостук станция механикалаштырылып тазаланды, анын ичинде, 238 насостук агретат оңдолду жана 55 насостук агрегат алмаштырылды, 153,4 чакырым коллектордук-дренаждык тармактар механикалаштырылып тазаланды", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий