• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мамлекеттик ишмердигиңизге ийгилик. Азербайжандын президенти Садыр Жапаровду куттуктады

Президент 0

Бишкек, 06.12.22. /Кабар/. Азербайжандын президенти Ильхам Алиев президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы салттуу достук мамилелердин азыркы деңгээлин көрүп, кубанычтамын. Улам кеңейип бараткан саясий диалог, жогорку деңгээлдеги өз ара визиттер, экономикалык жана гуманитардык тармактардагы кызматташтык биздин эки тараптуу мамилелерибизди мүнөздөгөн фундаменталдуу факторлор болуп саналат. Стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлине жеткен биздин мамлекеттер аралык байланыштарыбызды өзгөчө белгилеп кетким келет.

Мен жакында Бишкекке келгенимди, биздин жолугушуубузду жана кеңири пикир алмашуубузду жылуу эскерип, Сиздин өлкөңүздө азербайжан элинин көрүнүктүү өкүлдөрүнүн жаркын элесине көрсөтүлгөн урматты жогору баалайм.

Бир тууган элдерибиздин кызыкчылыгы үчүн биргелешкен күч-аракетибиз менен биз Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы өз ара ишенимге жана колдоого негизделген мамилелерди жана жемиштүү кызматташтыкты мындан ары да ийгиликтүү кеңейтип жана чыңдайбыз деп ишенем», — деп айтылат Азербайжандын президентинин куттуктоосунда.

Ильхам Алиев Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакыт-таалай жана мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди, ал эми бир тууган Кыргыз Республикасынын элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Пикир

Оставить комментарий