• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Жашыл” долбоорлорду ишке ашыруу. Садыр Жапаров инвесторлорду кызматташууга чакырды

Президент 0

Бишкек, 02.06.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекет башчылары менен Европа Кеңешинин президентинин экинчи жолугушуусунда сүйлөп жатып: “Өлкөнүн приоритети - бул энергетика. Кыргызстан Борбор Азия чөлкөмүндөгү дарыялардын башатында турат", - деди.

Президент өлкөнүн жалпы гидроэнергетикалык потенциалы 142,5 миллиард кВт саатты түзөрүн билдирип, анткен менен учурда жалпы потенциалдын 13%ы гана өздөштүрүлгөндүгүнө токтолду.

"Кайра жаралуучу гидроресурстардын эсебинен Кыргызстандагы ири ГЭСтер “жашыл” электр энергиясынын 90%дан ашыгын өндүрөт. Биз суу-энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу жана комплекстүү пайдалануу, энергияны үнөмдөөнү өнүктүрүү боюнча иштерди жүргүзүп жатабыз”, - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Ошону менен бирге президент белгилегендей, климаттын өзгөрүшүнүн жана демографиялык өсүштүн фонунда региондо суу-энергетикалык ресурстар акырындык менен түгөнүп баратканы байкалууда. Ошентип, энергетикалык коопсуздук жана энергетикалык натыйжалуулук маселелери региондо гана эмес, дүйнөлүк масштабда дагы актуалдуу жана курч маселелердин бири болуп калды. Бүгүнкү күндө өлкөдө ондогон чакан ГЭСтердин курулушу башталды. Ошондой эле Өзбекстан жана Казакстан менен биргеликте 1860 МВт кубаттуулуктагы “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу боюнча макулдашууга жетишилди. Бул ири энергетикалык долбоорду ишке ашыруу менен үч өлкөнүн тең энергетикалык туруктуулугун камсыз кылууга өбөлгө түзүлөт.

Ушуга байланыштуу Садыр Жапаров бардык инвесторлорду жана өнөктөштөрдү энергиянын кайра жаралуучу булактарынын обьектилерин куруу боюнча долбоорлорду жана башка “жашыл” долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвестициялык кызматташууга чакырды.

“Биз Австриянын, Франциянын, Венгриянын, Россиянын жана башка мамлекеттердин айрым ири компанияларынын кызыгуусун байкап жатабыз. Жакын арада конкреттүү долбоорлорго чыгабыз деп үмүттөнөбүз. Ошондой эле бизге жаңы суу үнөмдөөчү технологиялар, инновациялык ыкмалар жана Европада окуудан өтүп келе турган квалификациялуу адистер керек”, - деди ал.

Мамлекет башчысы акыркы бир нече жылдан бери өлкө калкына жана жаратылышка дагы климаттын өзгөрүшүнүн терс таасири сезилип жатканын баса белгиледи. Кыргызстандын жана Борбор Азиянын суу ресурстарынын негизги булагы болгон кылымдарды карыткан мөңгүлөр калыбына келгис болуп эрип жатканы байкалууда.

Кыргызстан глобалдык экологиялык коркунучтарды алдын алуу боюнча дүйнөлүк коомчулуктун иш-чараларында жигердүүлүгүн көрсөтүүдө, ошондой эле эл аралык экологиялык процесстерге активдүү катышууда, анткени биздин тоолуу өлкөдө климаттын өзгөрүүсү катуу сезилип жатат.

Пикир

Оставить комментарий