• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Андрей Воропаев: Бишкек ЖЭБи жылытуу мезгилине даяр

Коом 0

Бишкек, 01.10.19. /Кабар/. Бишкек Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) 2019-2020-жылдагы күз-кыш жылытуу мезгилине толугу менен даяр. Бул тууралуу журналисттер үчүн уюштурулган пресс-турдун жүрүшүндө Бишкек ЖЭБдин директору Андрей Воропаев билдирди.

Анын айтуусунда, учурда тиешелүү көлөмдөгү көмүр бар.

"Жылытуу мезгилинде күнүнө ЖЭБде 5 миң тоннага жакын көмүр жагылат. Электрборбордун жаңы бөлүгүнө Кара-Кече көмүрү жагылат, тескерисинче, экинчи бөлүгүндө жогорку калориядагы көмүр жагылат. Ага байланыштуу Казакстандан импорттук көмүр сатып алуу керек. Айта кете турган жагдай, эски ЖЭБди долбоорлоо учурунда Караганданын көмүрүн алып келүү пландалган. Учурда кампада 130 миң тонна бар, анын ичинен 11 миң тонна көмүр импорттолгон. Октябрда көмүрдүн запасы 230 миң тоннага жетет", - деп билдирди ал.

ЖЭБдин директору кошумчалагандай, болжолдуу түрдө жылытуу мезгили ноябрь айында башталат.

Пикир

Оставить комментарий