• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жакында Бишкектин Садырбаев көчөсүндө жаңы тротуар жана веложол ачылат

Коом 0

Бишкек, 29.03.23. /Кабар/. Бишкектин Садырбаев көчөсүнүн А.Масалиев көчөсүнөн Семетей көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү тротуардын жана веложолдун курулушу текшерилди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда Садырбаев көчөсүнүн түштүк тарабында жалпы узундугу 2,8 чакырым болгон веложол менен тротуар курулууда. Азыркы кезде тротуардын жана веложолдун негизин даярдоо, тоскоол болгон объектилерди бузуу (демонтаждоо) иштери жүрүп жатат.

Курулуш иштерин 2023-жылдын май айына чейин бүткөрүү пландалууда.

Белгилей кетсек, курулуш иштери "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий