• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын тар курамдагы жыйыны башталды

Өкмөт 0

Бишкек, 29.03.23. /Кабар/. “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын тар курамдагы кезектеги жыйыны башталды.

Белгилей кетсек, комиссиянын теңтөрагалары болуп министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Россиянын премьер-министринин орун басары Алексей Оверчук болууда.

Кол алышуу жана сүрөткө түшүү аземинен кийин Жапаров менен Оверчук тар талкуу үчүн кеңешүү залына киришти.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий