• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте коомдук транспорттун техникалык, санитардык абалы текшерилди

Коом 0

Бишкек, 29.03.23. /Кабар/. Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмүн өнүктүрүү департаменти тарабынан рейд өткөрүлдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, рейддин жүрүшүндө коомдук транспорттун техникалык абалы, санитардык нормалардын сакталышы, жол каттамдар схемасындагы (трафареттер) аялдамалардын аталыштарынын туура жазылышы, пландуу чыгуунун, кыймылдын интервалынын жана жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелеринин сакталышы текшерилди.

Текшерүүнүн жыйынтыгында одоно эреже бузууларга жол берген айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жол каттамдар схемасын (трафареттер) текшерүү боюнча 11 акт, техникалык абалы боюнча 5 акт, санитардык ченемдерди сактабагандыгы боюнча 4 акт түзүлдү.

Бишкек шаарынын мэриясы шаардыктардан жана айдоочулардан коомдук транспортто жүрүүдө эрежелерди сактоону өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий